Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Тартиптүүлүк, маданияттуулук, абийирдүүлүк кайрадан модага айлана алабы?

26.02.2021 10:52
1209
Тартиптүүлүк, маданияттуулук, абийирдүүлүк кайрадан модага айлана алабы?

Сөздүн кунун качырган, беттен алып сүйлөө башкы жетишкендик катары саналган, жеке таарынычтарды мамлекеттик масштабка чейин көтөрүп чыга алган, адепсиздикти, маданиятсыздыкты, абийирсиздикти жайылтууну креативдүүлүк катары көрсөткөн, чалдыбары чыгып, шаймандары бошогон коомду түзүп алдык. «Атың чыкпаса жер өрттө» деген лакап кепти ата-бабалар биздин коом үчүн эле алдын-ала калтырып кетишкен сыяктуу.


Интернетте социалдык түйүндөрдүн активдүү колдонулушу албетте жакшы. Бирок, аны адамзатынын туура нукта өнүгүүсү үчүн эмес, тескерисинче майдаланышына, адепсиз жана маданиятсыз болушуна багыттап пайдаланып жатканыбыз өкүнүчтүү. Саясатыбыз, маданиятыбыз, базардын турмушу, сойкулук, алдамчылык баары кан-жини аралашып эле жатып калды.


«Бул менин баракчам, ага эмнени жазам өзүм билем. Жактырбагандар болсо айланып өтүп кеткиле» деген «акылдуулар» арбыды. Эгерде ал өзү эле жазып, кайра өзү эле окуй турган болсо, анда башка кеп эле. Анын жазганын соцтүйүндө отурган улуу-кичүүнүн баары окуй алат. Улуулар балким «теңелбейли» деп айланып өтүп кетишээр, ал эми жаңыдан өсүп келаткан кичүүлөр анын жазгандарынан «өрнөк» алып калышы толук мүмкүн экенин эске алышпайт.


Мисалы, соцтүйүндүн активдүү колдонуучуларынын бири «Некоторые девочки могут вести активную сексуальную жизнь до брака. Это их право. Но пытаться стать популярной за счет критики меня, это уже маркетинг» деген пост жазды. Кыязы, ал ушундай пикирин башкалардан өзгөчөлөнгөн акылым бар үчүн жазып жатам деп ойлонду болушу мүмкүн. Бирок, ал жаңыдан гана өсүп-жетилип келаткан жаш кыздарды бузукулукка үндөп жатканын түшүнгөн жок. «Качан кыргыздын айымдары өздөрүнөн кичүүлөргө ушундай кеңеш берчү эле?» деп уяткара  турган адамдар табылат. Бирок, аларга да мындай «креативдүүлөрдүн» жообу даяр: «Силер эскиче ойлоносуңар» деген. Ошол «эскиче» тарбия кыздардын абийирин сактап келгенин ойлонгулары келбейт.


Мындан бир-эки айча мурун белгилүү эле кыргыз ырчысы өзүнүн «Ютуб каналына» дагы башка белгилүү маданият кызматкерлерин чакырып алып, кадимки «жинди сууга» мээсин сугарып алган аракечтер сөгүнүп, колдору менен да уят-сыйыттан биротоло кеткен көрүнүштөрдү жаңсап отурушканы коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ошондо да ал ырчы «Бул менин катталуучуларым үчүн гана чыгарылган долбоор болчу. Көргүсү келбегендер көрбөй эле койсо болот» деген эле. Бирок, анын «Ютуб каналына» каалаган адам кире ала турганын, балким алардын арасында мектеп окуучулары да болуп калышы мүмкүн экенин кайда катабыз? Деги эле ал өзүнүн гана катталуучулары үчүн жасаган долбоору болсо деле, мынчалык маймылдын деңгээлине түшүүнүн кереги бар беле?


Ошол эле убакта саясатчыларды, мурда-кийинки чиновниктерди колдоочулардын арасында да бир жактуу гана каралоо, же бир жактуу гана мактоо көрүнүштөрү бар. Болгондо да өтө агрессивдүү маанайда.


… Коомубуз бүгүн адептүүлүккө, маданияттуулукка, абийирдүүлүккө суусап турат. Адептүүлүк, маданияттуулук, абийирдүүлүктү жоготкусу келбеген адамдарды «эски» көз караштагылар деп жээриген коомдун өнүгүшү кыйын. Эгерде булар «эскилер» болсо, анда азыркы «өзүм каалагынымды жазам, каалаганымды айтам» дегендер «байыркы жапайым коомдогулар» болуп калат. Адам баласы жаңыдан жер бетинде пайда болуп, жашоо үчүн күрөштү баштаган кезде, маданият, адеп жана абийир деген түшүнүктөр болгон эмес. Ал акырындык менен адам акылынын, жөндөмүнүн, баам-сезиминин өнүгүшү менен калынтанган. Адам баласынын башка жан-жаныбарлардан, ит-куштардан айырмасы да ушул адеби, маданияты жана абийиринде. Эгерде бул баалуулуктар биротоло жоголсо, анда адам баласы малдан да төмөнкү деңгээлдеги жаныбарга айланат. Себеби, адамдын адеп-ыйманы, абийири, акыл-эсинен бөлөк пайдалуу эч нерсеси жок. Сүт бербейт, эт бербейт, чачынан кийим токулбайт. Андыктан Улуу күч бизге берген жогоруда саналган баалуулуктарды кайрадан модага айлантып, малдын деңгээлинен төмөн түшүп кетүүдөн сактаналы.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн