Баш оона 22, 2025
Убакыт: 17:13
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.080
1.110

Таш-Көмүр шаарында мамлекеттик дарыкана ачылды

06.01.2024 20:17
594
Таш-Көмүр шаарында мамлекеттик дарыкана ачылды


Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр Жалпы дарыгерлик практика борборунда “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземи бүгүн, 6-январда өтүп, ага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Талант Мырзабеков катышты.

Дарыканада маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген 1500дөй дары-дармек бар. Калк аларды жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан сатып ала алат. Мамлекеттик аптекаларды ачуунун негизги максаты - калктын жеткиликтүү дары менен камсыздоо маселелерин чечүү.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусунда 2023-жылы Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Токтогул шаарларындагы Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн