Бугу 06, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Таш-Көмүр шаарындагы беш айылдын тургундары бийликке кайрылып митингге чыкты

14.02.2022 22:37
1040
Таш-Көмүр шаарындагы беш айылдын тургундары бийликке кайрылып митингге чыкты


Таш-Көмүр шаарына караган беш айыл - Теңдик, Кызыл-Алма, Чүйүт-Сай, Кудук-Сай жана Кашкулак-Сай айылдарынын 100дөн ашык жашоочулары нааразычылыгын билдирип чогулушту. Алар өлкө башчысынан жана эл өкүлдөрүнөн айылдарды Таш-Көмүр шаарынан чыгарып, Ноокен районуна кошуп берүүнү өтүнүштү.

Айыл тургундары сөз болгон беш айыл 1984-жылга чейин Ноокен районунун Достук айыл аймагына караганын, бирок ошол жылдан тарта бийлик Таш-Көмүр шаарынын калкын жашылча-жемиш менен камсыздап турат деген максатта шаарга кошконун айтышты. Мындан сырткары алар шаардын бюджети таңкыс болгондуктан айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга көңүл бөлүнбөй жатканын кошумчалашты.

Чогулгандар менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолуккан жок.

Теңдик айылынын тургуну Орозбек Чыналиев беш айылдын Таш-Көмүр шаарына кошулганына 40 жылдай убакыт болгонун айтты.

"Бирок өзгөрүү, же өнүгүү болгон эмес. Ал эми жанаша жайгашкан Ноокен районунун Достук айыл аймагында чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Бизди каражаты аз шаардан чыгарып, айыл аймактын балансына кошсо, ушундай маселелер жаралбайт болчу”, - деди Чыналиев.

Ал эми Таш-Көмүр шаарынын мэри Нурлан Доулбеков бул меселе бир топ жылдан бери айтылып келе жатканын билдирди. Ал маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, айылдарды алмаштырууга негиз жок деп табылганын айтууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн