Баш оона 21, 2025
Убакыт: 21:01
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Таш-Көмүр шаарынын мэриясына 7 даана атайын техника тапшырылды

26.02.2025 09:11
591
Таш-Көмүр шаарынын мэриясына 7 даана атайын техника тапшырылды


Күн мурун президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарынын муниципалдык ишканаларына алынган 7 даана атайын техникалардын ачкычын тапшырды.


Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, техникалар республикалык бюджеттен аталган шаарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 100 млн сомдун эсебинен алынган. Жалпы баасы 29 млн 371 миң сомду түздү.


Мында эксковатр, автомунара, 2 таштанды ташуучу, 1 суу ташуучу жана эки даана ассенизатор техникалары бар.


Облус башчысы жаңы техникалар шаардын тазалыгын камсыздоо, жашоочулардын муктаждыктарын жеңилдетүү максатында алынганын белгиледи. Ага катар Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетине кошумча салым катары өлкө казынасынан бөлүнгөн каражат, шаардын негизги көйгөйлөрүн чечүүгө шарт түзгөнүн билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн