Бугу 17, 2024
Убакыт: 16:00
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Таш-Көмүрдө 43 жаштагы жаран жайлоого чыгып, аялы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин өзүн-өзү атып салган

14.06.2022 14:47
747
Таш-Көмүрдө 43 жаштагы жаран жайлоого чыгып, аялы менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин өзүн-өзү атып салган

Таш-Көмүр шаарында 43 жаштагы жаран жайлоодо өзүн-өзү атып салды. Бул туурасында  Жалал-Абад  облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.


Милициянын маалыматына таянсак, 13-июнда саат 16:00 чамасында Таш-Көмүр шаардык ооруканасына 43 жаштагы М.Б`нын жансыз денесин туугандары алып келген. Бул боюнча милициянын нөөмөт бөлүмүнө кабарланган.


Аталган факты каттоого алынып, Таш-Көмүр ШИИБдин ыкчам тергөө тобу ооруканага барган. Маркумдун денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, сол тарабындагы кабыргасында жана баш мээсинин сол тарабында жаракаттары аныкталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.


"Экспертиза жүргүзүү учурунда маркумдун баш мээсинен ок атуучу куралдын огуна окшош ак түстөгү металлдан жасалган зат алынган.


Териштирүү учурунда 43 жаштагы киши 25-майда эс алуу үчүн жайлоого кетип, 5-6-июнь күндөрү аялы менен байланышып, баласын жайлоого чакыртып алгандыгы такталган. 10-11-июнь күндөрү жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын жүрөгү сыгылып, жашоодон тажап өзүн-өзү асып же атып алууну көздөп жаткандыгын билдирген.


Ал эми 12-июнь күнү М.Б. өзүн-өзү ок атуучу куралы менен атып каза болгонун Кубан аттуу досу кабарлаган. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн