Таш-Көмүр шаарында 11-майында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен, Бишкек – Ош унаа жолунун 433-435 таш аралаш сел жүрүп, натыйжада унаа жолду жаап калган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Жерине Таш-Көмүр шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкердер, №38 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө.
Унаа жолу түнкү саат 01:30да бир тараптуу ачылган.
Жолду тазалоо, кеңейтүү иштери учурда улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн