Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таш-Көмүрдөгү завод боюнча 50 млн долларлык доо. Кыргызстан соттон утуп алды

29.09.2023 16:59
674
Таш-Көмүрдөгү завод боюнча 50 млн долларлык доо. Кыргызстан соттон утуп алды


Кыргызстан Гаага шаарындагы арбитраждык процессте жалпы суммасы 50 миллион долларлык доо менен утуп чыкты. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.


Кыргызстанга каршы арбитраждык процессти казакстандык компания козгогон. Ал Таш-Көмүр шаарында комплекстүү ферросплав заводун куруу боюнча ишке ашпай калган долбоорго инвестицияларды экспроприациялоо фактысына байланыштуу компенсация сурап кайрылган. Ошондой эле доогер эл аралык келишимдер жана «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзам бузулган деп эсептеген.


«2021-2023-жылдары тараптар Арбитраждык сотко тиешелүү жазуу жүзүндөгү позицияларын жана талаштын маңызы боюнча аргументтери менен материалдарды беришкен. Акыркы угуулар Гаагада (Нидерланды) 2023-жылдын апрель айында өткөн. 28-сентябрда соттун курамы (3 арбитрден турган) бир добуштан арбитраждык чечим кабыл алды, анда ал бул талаш-тартышты кароого өзүнүн компетенттүүлүгүн тааныды, ошондой эле доогердин талаптарын кароого тийиш деп тааныды», - деп айтылат Юстиция министрлигинде.


Арбитрлер Кыргызстан тарабынан доогер талап кылган зыяндын ордун толтурууга алып келе турган милдеттенмелерди бузууну тапкан жок.


Трибунал бир добуштан Кыргызстанга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча дооматтарды толугу менен четке кагууга чечим чыгарды. Мындан тышкары, доогер бардык чыгымдарды төлөөгө милдеттүү - арбитрлердин акысын жана туруктуу арбитраждык соттун (Гаага Туруктуу Арбитраждык соту) административдик чыгымдарын төлөп берет.


«Угуулар Гаага шаарында өттү, бирок арбитраждык процесстин юрисдикциялык жери Лондон (Улуу Британия) болуп саналат. Ал эми Англиянын Арбитраж мыйзамынын жоболоруна ылайык, арбитраждын акыркы чечимине чечим чыгарылган күндөн тартып 28 күндүн ичинде өтө чектелген негиздер боюнча даттанылышы мүмкүн», - деп жыйынтыктады Юстиция министрлиги.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн