Коомчулукка Ташчайнар аты менен белгилүү Нурлан Алишеровдун ден соолугу начарлап, жардамга муктаж. Бул тууралуу ал "Супер.тв" каналына билдирген.
Анын айтымында, анын кант диабети оорусу башка оорулардын келип чыгышын тездетип жатат.
"Бир бутумдун сөөгү чирип баратат. Дарыгерлерге кайрылдык, ооруканада дарыланып да чыктым. Бирок дагы эле ушул кант диабети кыйнап жатат. Кээде түшүп кетет, кээде көтөрүлүп жатат.
Бир бутумдун сөөгү чирип баратканын себеби да ушул оорудан дейт. Муну убагында дарылабаса бутту кесишке туура келет экен",- деди Нурлан Алишеров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн