Бугу 15, 2024
Убакыт: 02:23
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташиев: Баткенде чек арадан 1 кг ун дагы өтпөш керек

24.03.2022 12:03
519
Ташиев:  Баткенде чек арадан 1 кг ун дагы өтпөш керек

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев өкмөттүн антикризистик чараларды бекитүү боюнча бүгүнкү жыйынында, азык-түлүк коопсуздугун сактоо зарылдыгын айтты.


Ташиев өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу жаралбашы үчүн экономика министрлиги реалдуу чараларды көрүүсү керектигин айтып, чек ара жана бажы кызматтары аткезчиликтин алдын алуусун эскертти.


«Азыр кошуна өлкөдө ун биздегиден 1,5 эсе кымбат. Кумшекер дээрлик жок. Өсүмдүк майы да дефицит. Алар өздөрүн камсыздоо үчүн бизден ташып кирүүгө аракет кылышат. Ошондуктан көздү чоң ачып, Баткен облусундагы чек араны катуу карашыбыз керек. Аларга 1 кг ун же кумшекерди да өткөрбөйбүз. Айрыкча буга тиешелүү жетекчилер керт башы менен жооп берет», — деп билдирген УКМК төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн