Бугу 06, 2024
Убакыт: 00:46
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ташиев: Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын "Бедак" постун алып салууну суранышты

26.09.2022 16:25
334
Ташиев: Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын "Бедак" постун алып салууну суранышты

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын "Бедак" заставасын алып салуусун суранышкан. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Тамчыбек Ташиев билдирди.


Ташиев Ак-Сайдын активдүү тургундары менен сүйлөшүп, акылдашканын айтты.


“Алар мага бир гана Тажикстандын "Бедак" заставасын алдырганга, токтотконго күчүңүз жетсе, анда биз сизге рахматыбызды айтабыз деп суранышкан. Биз кечээ төрт саат сүйлөшүп отуруп, кыргыз эли койгон талаптардын баарын аткардык. Билип-билбей эле жалган маалымат тараткандарга кайрылып кетейин, Кыргызстандын бир дагы жерин алдырбайбыз”, - дейт ал.


Ташиев Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, согушту жек көргөн өлкө экенин баса белгиледи.


Эскерте кетсек, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын делегациясынын жолугушуусунда протоколго кол коюлган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн