Бугу 03, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Ташиев Алайда УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Алайлыктар Ташиевге "Ардактуу атуул" наамын ыйгарды

25.09.2021 22:17
738
Ташиев Алайда УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Алайлыктар Ташиевге "Ардактуу атуул" наамын ыйгарды



Бүгүн, 25-сентябрь, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.


Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантылаарын белгиледи. 


Кызматкерлерден мыйзамдуу милдеттерин так аткаруу талап кылынаарын эскертти. Айрыкча коррупцияга каршы курөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.


Аземде Камчыбек Ташиевге 2008-жылы Алай райондук администрациясы тарабынан кабыл алынып, бирок аткарылбай калганын айткан район акими, "Алай районунун ардактуу атуулу" наамын берүү чечимине ылайык бүгүн Камчыбек Ташиевге тийиштүү сыйлыкты ыйгарды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн