Бугу 15, 2024
Убакыт: 00:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташиев аскер кызматкерлеринин эмгек акысы эмне үчүн 1-апрелде көтөрүлбөй турганын сурады

24.03.2022 11:15
749
Ташиев аскер кызматкерлеринин эмгек акысы эмне үчүн 1-апрелде көтөрүлбөй турганын сурады

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин антикризистик планды иштеп чыгуу боюнча өтүп жаткан жыйында аскер жана күч органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы эмне үчүн 1-апрелде көтөрүлбөй турганын сурады.


"Азыркы учурда күч органдарынын кызматкерлери кеминде 11-12 миң сом айлык алат. Ал эми алардын балдарын дарылап, окуткан дарыгерлер менен мугалимдердин айлыгы алардыкынан эки эсе аз. 

Биз аскер кызматкерлеринин айлыгын 1-апрелден тарта көтөрүүнү пландаганбыз. Бирок азыр 1-августтан көтөрүүнү максат кылуудабыз",- деди Акылбек Жапаров.


"Анда азыр ачык айтып коюш керек. Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 1-апрелде көтөрүлбөйт",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн