УКМКнын тергөө абагында жаткан Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу анча жакшы эмес. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып билдирди.
«Эртең ага барам, ден соолугунун абалы анчалык жакшы болбосо, аны башка бөлүмгө, ооруканага же башка жакка котором. Анын ден соолугу жакшы болушу керек, мыйзам чегинде жооп берсин», - деди Ташиев.
Пикирлер (2)