Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:41
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ташиев Атамбаевдин абалы менен таанышып, анын ден соолугун текшерүүнү тапшырды

25.12.2020 18:40
1098
Ташиев Атамбаевдин абалы менен таанышып, анын ден соолугун текшерүүнү тапшырды


25-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камакка алынган Алмазбек Атамбаевден кабар алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ташиев А.Атамбаевдин кармалышынын абалы жана ден соолугунун абалы менен таанышты.


Өз кезегинде, А.Атамбаев тергөө абагынын кызматкерлеринин камакта кармоо шарттары жана аракеттери боюнча ден соолугунун абалынан башка эч кандай дооматы жок экендигин белгиледи.


УКМКнын төрагасы К.Ташиев тиешелүү кызматтарга А.Атамбаевдин ден соолугунун абалын дыкат текшерип чыгууну тапшырды, анын жыйынтыгында аны медициналык мекемеге которуу боюнча чечим кабыл алынат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн