Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ташиев Баткенге барып күч органдары менен жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө

15.09.2022 13:08
714
Ташиев Баткенге барып күч органдары менен жабык эшик артында жыйын өткөрүүдө

 


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин  төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барды.


Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы атайын кызматтын жетекчиси учурда облус жетекчилиги жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жабык жыйын өткөрүп жатат.


УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин Баткенге сапары тууралуу азырынча маалымат бере элек.


Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Кыргызстандын Чек ара кызматы саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгонун кабарлаган.


Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн