Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 10:01
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды

29.05.2023 14:40
293
Ташиев Бишкекте УКМКнын жаңы имаратынын курулушуна капсула салды


Бүгүн, 29-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек шаарындагы УКМКнын жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салды.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, имарат материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аткаруусу үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында курулууда.


Капсула салуу аземине УКМКнын жетекчилиги жана жеке курамы, мекеменин ардагерлери катышты.


Ташиев белгилегендей, мындай заманбап имараттардын ачылышы менен «Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин ишинин, ички жана тышкы коркунучтарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу жогорулайт.


Мындан тышкары, ал кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы активдүү күрөшүүнү улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн