Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Ташиев: Чечме булагын мурдагыдай кыргыз менен өзбек бирге колдонот

30.03.2021 13:36
758
Ташиев: Чечме булагын мурдагыдай кыргыз менен өзбек бирге колдонот

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Бирлик айылынын эли менен жолугушуп, Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.


Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн талашында калган Чечме булагы мурдагыдай келишимдин негизинде калды.


"Ташкенттеги сүйлөшүлгөн маселелердин бардыгы чечилди, бир гана «Чечме» булагы калды. Бул булакты сеники меники деп талашкан жокпуз. Эгер биз муну чечпесек болбойт десек, чек ара маселеси мурдагыдай көйгөй бойдон калып кетмек. Чечме булагы мурдагы бойдон калды. Мамлекеттик сүйлөшүүлөрдүн негизинде улантылып эки өлкө тең пайдалана берет. Бирок мурдагыдай улут аралык конфликтке барбайбыз. Азыр бус маселени бир тарапка ал же бул деп чечим коюуу мүмкүн эмес", — дейт Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн