Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Чек ара биринчи Лейлек району менен чектеш аймактарда такталат (видео)

29.01.2022 19:13
1105
Ташиев: Чек ара биринчи Лейлек району менен чектеш аймактарда такталат (видео)

Президентибиз Садыр Жапаровдун негизги тапшырмасы ушул чек араны чечип алуу. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ак-Татыр айылындагы жолугушуу учурунда билдирди.


Анын айтымында, чек ара толук чечилгенден кийин Кыргызстан менен Тажикстан ынтымакта жашаш керек.


"Негизги тапшырма чек араны чечүү. Же кыргыз тараптын, же тажик тараптын тарабына чечилди деген нерсе болбойт. Чек ара чечүүдө бир жерден утулсак, башка жерден утабыз. Эч качан бир тарап жеңбейт.

Биринчи Лейлек районундагы Кулунду, Арка, Максат, Интернационал айылдарында чек ара такталат. Андан кийин бул жактын маселесин карайбыз",- деди Ташиев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мунара Каримовна
Баткеним де тынчтык болсун.! Лейлегим менин, бизге только тынчтык керек. Ынтымакта эле жалайлы кыска жашоо до, и так омур кыска. Бирок таджиктерге бербейбиз жерибизди