Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 04:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Ташиев: Чек ара боюнча телефондо баары эле эксперт

30.03.2021 19:32
746
Ташиев: Чек ара боюнча телефондо баары эле эксперт

 Чек ара боюнча телефондо баары эле эксперт, блогер. Мындай пикирин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн эли менен жолугушуу учурунда билдирди. 


"Азыр телефондун заманы. Телефондо баары эле кыйын, баары эле эксперт. Оозуна келгенди айта берет. Кайдагы карталарды алып кыргыздын жери дей берет. Кечээ мен чек ара боюнча пост жазган бир адамды изилдеп көрсөм, ал такыр Өзгөндө жашабай туруп Өзбекстанга Өзгөндөгү жер өтүп кетти дептир. Анын үстүнө ал Нарындан болот экен. 2016-жылдан чет өлкөдө жашайт экен. Жаш бала, менин балдарым менен тең экен",- деди Ташиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Каркыраны сатып ийди Мадумаров дегендей да.Каерде каркыра десен Таласта дейт.