Жогорку Кеңештин биргелешкен комитетинде кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуулар каралды.
Маселе боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасады. Ал тажик тарап 1924-1927-жылдардагы материалдар (карта) менен иштөөгө ыктап келгенин, ал эми Кыргызстан 1991-жылдагы документтерге таянганын белгиледи.
"Ошондуктан 2011-жылдан 2021-жылга чейин чек ара маселеси чечилбей келген. Соңунда келишим 1924-1927-жылдардагы эмес, 1991-жылы кабыл алынган документтер менен азыркы биз жашап турган чек аралар боюнча такталды. Ушуга экинчи тарап макул болду", — деди Ташиев.
УКМК төрагасынын айткандарынын негизги учурлары:
- Лейлек районунан жалпы 190 гектар жер алмашылат;
- "Головной" суу сактагычынын бир бөлүгү тажик тарапка берилди. Ал үчүн 750 гектар жер компенсация катары алынат. Арасында нефть бар жерлер бар;
- Баткен районунан 142 гектар жер берилип, Исфарадан жалпы 143 гектар жер алынды;
- Достук айылы (90 гектар жер) тажиктерге толук өтүп, ордуна 121 гектар жер алынат. Мунун ичинен Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер Достуктагы үйлөр үчүн кенемте катары алынат.
- Ворух анклавындагылар 19 миң гектар жерди пайдаланып келген. Ал 14,5 миң гектарга чейин кыскартылды. Ошондой эле тажик тараптын суранычы менен анклавдын айланасынан миң гектар жайыт берилип, ордуна Чоң-Алай тараптан миң гектар жайыт алынат;
- бир нече ызы-чууга себеп болгон Төрт-Көчөгө нейтралдуу макам берилет. Жолдун жүрүүчү бөлүгү – 10 метр, эки тарабында 15 метрден коопсуздук тилке болот. Жалпы туурасы 40 метр болгон жол нейтралдуу аймакка айланат жана эки тарап тең пайдаланат;
- чек аранын сыртында калып кеткен суу жана энергетика объектилерине тоскоолдуксуз кирип-чыгууга шарт түзүлөт.
Жыйынтыгында депутаттар макулдашуунун долбоорлоруна макулдугун беришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн