Теке 27, 2024
Убакыт: 10:24
USD
EUR
RUB

Ташиев: Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды

17.05.2024 10:55
537
Ташиев: Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды


Коррупцияга аралашкан УКМКнын сегиз кызматкери жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Ошто билдирген.


Ташиевдин айтымында, УКМК башчысы Баткендин активи менен жыйналыш өткөргөн.


"Баткенде биздин кызматкерлердин арасынан сегизин жоопко тарттым. Алар коррупцияга аралашып, посттордон, ишкерлерден акча жыйнаган. Коркутат, үркүтөт... Силер УКМКнын кызматкерлеринен коркпогула. Эгер мыйзамсыз жосун жасаса мага кайрылгыла", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал УКМК кызматкерлерине чексиз укук берилбесин кошумчалады.


Эскерте кетсек, ал Кара-Суу районунун "Манас" спорт комплексинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана шаардын тургундары менен жолуккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн