Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Куралдуу күчтөргө 2 жылда 60 миллиард сом акча жумшалды

23.12.2022 16:03
330
Ташиев: Куралдуу күчтөргө 2 жылда 60 миллиард сом акча жумшалды

Бүгүн, 23-декабрда Улуттук тарых музейинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон жоокерлерди, мекендештерибизди эскерүү иш чарасы болуп өттү. Алардын элесин, эрдиктерин унутпоого чакырган сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. 


Иш чарага бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, депутаттар, душман окторунан окко учушкан мекендештерибиздин элестерине таазим кылгысы келген жарандар катышты. 


Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жоокерлердин эрдиги түбөлүк эсте сакталаарын белгиледи: 


"Бүгүн да биз үчүн оор күндөрдүн бири. Куралдуу кол салуудан курман болгон балдарды эстеген сайын жүүнүм бошоп, кыйын абалга кептелем. Бул балдарыбыз элибиздин эгемендүүлүгүн, мамлекеттүүлүгүн, жерибиздин бүтүндүгүн коргоп курман болушту. Жоокерлерибиз башка элдин аймагына өткөн жок, башка өлкөнүн жерин басып алышкан жок. Башка өлкөнүн аймагына өтүп барып каза болушкан жок. Алар өз үйүндө өз жерин коргоп жатып курман болушту! Ошондуктан, биздин балдарыбыз баатыр! 


Кагылышуудан 49 аскерибиз курман болду. Алардын 42си чек арачылар, бешөө ИИМ, бирөө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, дагы бири Коргоо министрлигинин кызматкерлери болчу. 


Балдарыбыз 19 жаштан 42 жашка чейинки кырчындай жигиттерибиз. 19 жаштагы 3, 42 жаштагы 1 аскерибиз каза тапты. Басымдуусу 20 жаштан 30 жашка чейинкилер. Алардын арасынан 28и үй-бүлө күтө элек бойдок балдар экен. Ал эми 8и эми гана үйлөнүп, бир балалуу болушкан. Бул деген кырчындай жаштар дегенди билдирет, алар дагы да жашашы, жашоонун жаркын жактарын көрүшү керек эле... Ошондо, курман болгон жоокерлерибиздин 36сынын артында балдары калды.


Мамлекет башчыбыз, мамлекетибиздин Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Нургожоевичтин Кыргыз мамлекетинин куралдуу күчтөрүнө көрүп жаткан камкордугу баарыбызга маалым болсо керек. Мен белгилеп айтып коеюн, президентибиздин түз тапшырмасынын негизинде куралдуу күчтөргө 2 жылда 60 миллиард сом акча жумшалды. Курал-жарак, аскер техникалары, кийим-кече, үй-жайына чейин камсыздалды. Аскерлерибиз ушул убакка чейин каралбай келсе, мындан ары мекенди коргогон балдарга толук шарт түзүү аракети тынбай көрүлөт. 


Курман болгон жоокерлерибиз тууралуу китеп чыгат, ар биринин кайсы жерде, кандай акыбалда каза болгону очеркте жазылат. Мен ар бирин командирлеринен сурап чыктым, арасында командирлер "Артка кайткыла", - деген буйрук берсе дагы болбостон, "Жок, мен жеримди таштабайм, ушул жерде туруп каза болом", - деп кайтпай койгондор болуптур. Алар жөн каза болушкан жок, алар мекенди коргошту! Балдарыбыздын эрдиги түбөлүк эсибизде сакталат",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн