Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 16:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ташиев: Матраимов 1 соода борбору жана 9 батир менен акчаны төлөп бүттү

24.12.2020 10:41
802
Ташиев: Матраимов 1 соода борбору жана 9 батир менен акчаны төлөп бүттү


Райымбек Матраимов бажыдагы кылмыштуу иштерди башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөрү менен жасашы мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев пресс-конференцияда билдирди.


"Биз аны иликтейбиз. Райымбек Матраимов ушу күнгө чейин мамлекетке 2 млрд сом төктү. Анын 1 млрд 400 млн сому акча түрүндө, калган 600 млн сому мүлк түрүндө алынды. Анын баары мамлекеттин эсебине өтөт. Бир соода борбору, тогуз квартира. Тогуз квартиранын ичинен бирөөнүн аянты чоң, ал социалдык объектке айланат. Калганы УКМК кызматкерлерине берилет", - деди Ташиев.


Ташиев мындан ары иликтөө иштери уланарын кошумчалады.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Мурун Матраимов таза жонокой бала дедин еле.