Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан эки ирет кармалган Райым Матраимов мамлекетке 18 млрд сомдон ашык каражат төктү. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Матраимовдун кылмыштарынын баары финансы жаатында болгон. Ал жалпысынан мамлекеттик бюджетке 18 млрд сомдон ашык, башкача айтканда, 223 млн 419 миң 615 доллар төлөп берген.
“Райым Матраимов Камчы Көлбаев жок кылынгандан кийин чек арадан мыйзамсыз өтүп, дагы бир нече мыйзамды бузуп, чет өлкөгө изин суутуп кеткен. Артынан бир нече жолу адам жөнөтүп, кайтып келүүсүн эскерттик. Таппай калышат деп ойлоду окшойт. Азербайжанда жашынып алыптыр, ал жактан өзүнүн адамдары аны калкалап жатты. Жыйынтыгында, атайын жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында баары бир аны Кыргызстанга алып келдик. Ал эми финансылык жана криминалга байланышкан шылуундук менен алектенбейт. Андай болсо, каякта болсо да баары бир кармап келебиз”, - деди Ташиев.
Ал ошондой эле учурда Матраимов Кыргызстанда экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн