Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:56
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиев: Мындан ары коррупционерлер сөзсүз түрмөгө отурат, жакындары кызматка алынбайт

19.09.2024 10:29
328
Ташиев: Мындан ары коррупционерлер сөзсүз түрмөгө отурат, жакындары кызматка алынбайт


Мындан ары коррупционерлер айып төлөп кутулуп кете албайт, сөзсүз түрмөгө отурат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Кадамжай райондук бөлүмүнүн ачылышында билдирди.


Анын айтымында, коррупция менен күрөш тынымсыз жүрүүдө, бирок аны түп-тамырынан жок кылууга мүмкүн болбой жатат.


"Коррупциялык элементтер негизинен мамкызматкерлердин арасында кездешүүдө. Кимдин колунда бийлик болсо ошолор коррупцияга жол берип жатат. Ошол эле укук коргоо, прокуратура, жергиликтүү бийлик жана башка бийлиги бар органдар. Коррупция менен күрөш жүрүп жатат, кайсы бир деңгээлде азайды. Бирок тамырынан түгөнгөн жок. Керек болсо өзүбүздүн арабызды тазалап бүтө албай жатабыз. Кармай беребиз, алар чыгып кете берет. Кайсы бир деңгээлде тажап дагы калдык", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал коррупционерлерге каршы мыйзамдар катаал болушу керектигин белгилеп, УКМК бул багытта мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдаганын айтты.


"Мындан ары коррупционерлер түрмөдөн кутулбайт. Мурда бул кылмышты жасагандар тергөө менен кызматташып, кылганын мойнуна алып, айып төлөп мыйзамдын чегинде абактан кутулчу. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кайра кызматка илешип алышчу. Эми андай болбойт. Эгер коррупционердин кылмышы далилденсе ал сөзсүз түрмөгө түшөт. Жок дегенде жазанын жарымын абакта отурушу керек. Андан тышкары, кайра мамлекеттик кызматка кайтып келбеши керек. Ошондой эле жакындары, туугандары мамлекеттик кызматка алынбашы зарыл. Коррупционер өзүн ойлобосо, бала-чакасын, ата-энесин ойлосун", — деди УКМК төрагасы.


Ошондой эле ал сунушталган мыйзамда абакта отура турган мөөнөтү мурункудай эле калганын, бирок моралдык басым күчөтүлгөнүн кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн