Кулжа 26, 2024
Убакыт: 05:28
USD
86.50
87.40
EUR
92.50
93.50
RUB
0.960
1.020

Ташиев: Равшан Жээнбеков адам өлүмүнөн саясий упай издеп, өзүнүн моралдык бедели төмөн экенин далилдеди

14.06.2022 11:36
1352
Ташиев: Равшан Жээнбеков адам өлүмүнөн саясий упай издеп, өзүнүн моралдык бедели төмөн экенин далилдеди

Равшан Жээнбеков адам өлүмүнөн саясий упай издеп, өзүнүн моралдык бедели төмөн экенин далилдеди. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Лейла Саралаевага берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, саясий талдоочу Марат Казакпаевге 2019-жылы эле кылмыш козголгон.



 "Бир нерсени баса белгилеп кетейин. Учурда айрым саясатчылар адам өлүмүнөн да саясат жасашып, элге туура эмес маалымат таркатып, дүрбөлөң салышууда. Мисал катары саясатчылар Жылдыз Жолдошова менен Равшан Жээнбековду атап кетсек болот. Алар саясат таануучунун өлүмүнө УКМКны түздөн-түз айыптап, “Казакпаевге медициналык жардам алууга жол беришкен эмес” деген таризде туура эмес маалымат айтууда. Бул эч кандай чындыкка дал келбейт. Алардын билдирүүсү Кылмыш кодексинин 363-беренесине ("кылмыш кылынганы боюнча атайылап жалган маалымат таратуу") туура келет. Жашырганда эмне, аты аталган саясатчылар Казакпаевдин мезгилсиз дүйнѳдѳн ѳтүүсүн ѳзүнүн саясий максаттары үчүн пайдаланууда. Р.Жээнбеков да, Ж.Жолдошова да адам ѳлүмүнѳн да саясат, пиар жасоо менен ѳздөрүнүн моралдык беделинин тѳмѳндүгүн кѳрсѳттү.  


М.Казакпаевге козголгон кылмыш иши боюнча айта турган болсом, 2019-жылы анын иш-аракеттери УКМК кызматкерлеринин байкоосуна алынган. Ошого байланыштуу 2019-жылдын 23-сентябрында М.Казакпаевге карата Кылмыш кодексинин 307-беренесинин 1-бѳлүгүнүн ("чыккынчылык кылуу") негизинде тергѳѳ амалдары башталган. Тагыраак айтканда, кылмыш иши бизге чейин эле козголгон. 2021-жылдын апрелине чейин кылмыш ишинин алкагында оперативдик, иликтѳѳ, техникалык иш чаралар ѳткѳрүлүп, тергѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Мындай иштердин баары М.Казакпаевдин аталган кылмыш ишине катыштыгы бардыгын аныктоого багытталган. 2021-жылдын 13-апрелинде анын кылмышка катыштыгы боюнча айныксыз далилдер табылгандан кийин гана Казакпаев УКМК тарабынан чакырылган.


Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылдын 1-мартынан тартып М.Казакпаевдин ѳзүнүн каалоосу менен жактоочусунун катышуусунда күнѳѳсүн мойнуна алуу боюнча макулдашуу түзүлгѳн. Биринчи Май райондук соту тарабынан белгиленген соттук отурумда күнѳѳсүн мойнуна алган. 2022-жылдын 10-мартында М.Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин ѳндүрүшү токтотулуп, иш Биринчи Май райондун сотуна жѳнѳтүлгѳн. 


Коомчулуктун кѳңүл борборунда экенине карабай, Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин деталдарын ачууга, коюлган айыптоонун маңызына жетүүгѳ мүмкүн болбой жатат. Анткени, кылмыш ишине “ѳтѳ жашыруун” грифи берилген",- деди УКМК төрагасы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн