Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун карата кылмыш иши жабылган жок. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Матраимов үй камагында калат жана тергөө иштери уланат.
"Матраимов тергөө менен жигердүү кызматташты. Ал өзү кандайча зыян келтиргенин өзү айтып берди. Мисалы, мындай ири суммадагы акчаны кайдан алдыңыз деген суроого Матраимов бажы кызматы ар бир автоунаадан 500дөн 3 миң долларга чейин пара алган деп жооп берди. Матраимов иштеп турганда болжолдуу унаалардын санын, андан кийин келтирилген чыгымдарды эсептеп чыктык. Айыпталуучу өзү баарын ачык айтып берди. Ал кимдер менен чогуу жүргөнүн атады. Бул Ош бажысынын башчысы, республикалык бажынын төрагасынын орун басары. Алар келтирилген зыяндын ордун толтурушат. 10 кишинин катыштыгын текшерип, аларды бошоттук, анткени алар бул схемаларга тиешеси жок болчу", - деди Камчыбек Ташиев.
Ал кошумчалагандай, учурда Матраимовдун тышкы байланыштарга жана аткезчиликке тиешеси текшерилип жатат.
«Эгерде Матраимовдун башка өлкөлөрдө мүлкү бар экендиги далилденсе, биз чара көрөбүз. Азырынча тергөө бүтө элек. Бул тууралуу бир нерсе билген бардык журналисттер жана жарандар, бизге кабарлап коюуну өтүнөбүз. Матраимовдон конфискацияланган батирлер УКМКнын кызматкерлерине берилет деген чечимди биз кабыл алганбыз», - деди Камчыбек Ташиев.
Пикирлер (1)