Бугу 06, 2024
Убакыт: 02:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Ташиев Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын айтты

05.04.2024 15:40
164
Ташиев Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын айтты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Ташиев жакында эле 16 млн долларлык мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин айтты.

“Мурдагы күнү Матраимовдун бир кеңсесин 16 млн долларга саттык. Азырынча ал өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыр иштеп жатабыз, сот органдары жана өз ыктыяры менен биздин эсептегенибиз боюнча 200 млн доллардын тегерегинде алышыбыз керек. Ал бир нече кишиге кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн дагы алабыз. Мунун баары сот органдары аркылуу ишке ашырылат”, - деди Ташиев.

УКМК башчысы учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлктөрү боюнча дагы иш жүрүп жатканын кошумчалады. Буга чейин Ташиев соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөнүн билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн