Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Шайлоого Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясын жетектеп барышым мүмкүн

17.06.2020 11:48
1880
Ташиев: Шайлоого Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясын жетектеп барышым мүмкүн


Парламенттик шайлоого Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясын жетектеп барышым мүмкүн. Мындай пикирин “Ата Журт” партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде билдирген.


“Элдин кулк-мүнөзүн, маанайын билген саясатчы катары айтсам, бул жолу “Ата Журт” партиясы өзүнчө шайлоого аттанат. Көптөгөн адамдар менен сүйлөшүүлөр да жүрүп жатат. Бизге кошула турган инсандардын катары калың. Ошентсе да биз депутаттарды, олигархтарды кабыл албайбыз. “Ата Журт” партиясы карапайым адамдарды шайлоого алып барабыз. Бизде “Мекенчил” деген Садыр Жапаров жетектеген дагы бир партиябыз бар. Ошол партияны кошуп, же мен “Мекенчил” партиясын жетектеп шайлоого барышым мүмкүн”, - дейт Ташиев.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Парманбай
Жакшы адамдарды колдоо
Эсен Сокулук.
Азаматсыз дос деген сиздей болуш керек Туура чечим кабыл алыптырсыздар.Ийгилик каалайм.
Алмаз
Эн туура тандоо, туура жол! Кыргыз эли жалпы колдойт сизди, ак жол!