Соңку үч жылда мамлекетке 1 млрд. 200 миң доллар кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
"Акыркы үч жылда уурдап, талап-тоноп, коррупциялык жолдор менен чыгарылып кеткен акчаларды мамлекетке кайтарган каражат 1 миллиард 200 миллион доллар болду. Бүгүнкү күндө анын жарымынан ашыгы казынага кайтып кирди, калганы боюнча иштер жүрүп жатат", — деген Ташиев.
Бул туурасында төрага Талас облусунда УКМКнын кызматкерлери менен чек арачыларга салынган батирлердин ачкычын тапшырып жаткан салтанатта сүйлөп жатканда айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн