Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:06
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташиев: Жабыркагандар да, жоготуулар да көп. Алардын мизин кайтарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар

17.09.2022 00:16
1081
Ташиев: Жабыркагандар да, жоготуулар да көп. Алардын мизин кайтарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар


Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жоготуулар да, жабыркагандар да көп. Бул тууралуу КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, чек аранын бардык тилкелеринде ок атуу башталган, Кыргызстан коңшу өлкөнүн чек арасына өткөн эмес.

"Биздин чек арабызга өтүп, чабуул жасашты. Анын мизин кайтаруу үчүн баардык мүмкүнчүлүктү пайдаландык. Бүгүн ок атууну токтотуу боюнча 3 жолу жолугушуу болду. Биринчисинде бир саат токтоттук, экинчисинде 2 саат, бирок абал курчуп жатты. Кечки саат 20:00дөн 23:00гө чейин ок атуу токтоду. Ок атуулар болгон жок. Бирок ошол эле мезгилде кырдаал оор. Түндө же эртең эмне болуп кетерине эч ким кепилдик бере албайт", - деди ал.

Ташиев ар бир жарым саатта тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүп тургандыгын айтты.

"Биз кырдаалды толук көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жатабыз. Азырынча баардык жерде ок атуу токтоту. Учурда бил жакта мени менен чогуу баардык күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, орун басарлары жүрөт. Эч кандай кооптонууга негиз жок. Кагылышуудар ар дайым жоготуулар болот. Биздин жоготуулар негизинен аскер кызматкерлеринин арасында болду. канча жоготуу болгондугун тактап жатабыз. Бирок тилекке каршы, жоготууларыбыз да, жарадар болгондорубуз да көп. Ал эми жай тургандар арасындагы жоготуулар азыраак. Себеби аларды убагында эвакуацияладык", - деди Ташиев.

УКМК төрагасы чек арага жакын жайгашкан айыл тургундары коопсуз аймакка чыгарылгандыгын, ал жакта бир гана аскер кызматкерлери калгандыгын кошумчалады.

"Эгерде кайрадан башталып кете турган болсо, анда алардын мизин кайтарууга, аягына чейин турууга баардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Биз баарын жасайбыз. Мамлекетибиздин аймагын толук бойдон коргойбуз, бил биздин түздөн-түз милдетибиз", - деп баса белгиледи Ташиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн