Бугу 20, 2024
Убакыт: 14:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев: Жалал-Абадда өлкөдө жок стадион пайда болот

29.01.2024 12:10
248
Ташиев: Жалал-Абадда өлкөдө жок стадион пайда болот


Жалал-Абад шаарындагы борбордук “Курманбек” стадиону толугу менен оңдоп-түзөөдөн өтөт. Азыркы тапта жумуш кызуу жүрүп жатат.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев реконструкциялоо иштери менен жеринен таанышты.

Долбоорго ылайык, эл аралык талаптарга жооп заманбап футбол аянтчасы гибриддик стадион болуп курулат. Муну менен эл аралык бардык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө, машыгууларды уюштурууга ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.

Каржылоо жагы демөөрчүлөр тарабынан ишке ашып, 40 млн сомдун тегерегиндеги акча жумшалат.

Камчыбек Ташиев стадиондун айланасындагы чарба иштерине дагы сын айтып, бир катар кемчилдиктерге токтолуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн