Бугу 23, 2025
Убакыт: 06:31
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Ташиев: Жалал-Абадга дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги аэропорт курулат

04.12.2023 12:49
424
Ташиев: Жалал-Абадга дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги аэропорт курулат


Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги чоң аэропорт курулат. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйүнүн ачылышында билдирген.


УКМК төрагасынын айтымында, курулуш иштери эмдиги жылы башталат.


"Жалал-Абадга Көк-Арт өрөөнүнө жакшынакай кылып эл аралык аэропорт салабыз. Кудай буюрса, Москва, Дубай, Стамбулга болобу, ушул жактан уча турган болосуңар. Москвадан Долбоорлоо институтунан келип изилдеп, "Көк-Арт өрөөнүнө аэропорт курса болот" деген корутунду чыгарып беришти. 3-4 айда долбоору жасалып бүтсө, курулушту баштайт", — деди Ташиев.


Ал шаардагы түрмө да толугу менен буздурулуп, ордуна административдик имараттар, иш-чаралар өтүүчү аянт курула турганын белгилеген. Мындан тышкары, стадион толук реконструкциядан өткөрүлүп, Жалал-Абад облусундагы олимпиадалык резервдеги республикалык колледжи ачылары маалым болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн