Бүгүн, 17-декабрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин маалымат жыйыны өтүүдө.
Анда журналисттердин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши боюнча берген суроосуна, жооп берип жатып, төмөнкүлөргө токтолду.
"Акылбек Жапаров менен 3 жылдан ашык чогуу иштедим. Ал тажрыйбасы мол, экономика боюнча дасыккан адис. Кыргызстан үчүн көптөгөн жакшы иштерди аткарып кетти. Анын кетиши боюнча президент гана чечим кабыл алат, аны биз талкуулабайбыз", - деди УКМКнын төрагасы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн