Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:34
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны камайбыз...

24.12.2020 11:25
5803
Ташиев: Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны камайбыз...

Бүгүн, 24-декабрда КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында атайын кызматтарда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын жергиликтүү сотторго автоматташтырылган системаны киргизген учурда коррупциялык элементтерге катыштыгы бар болушу мүмкүн деген материалдар бар экендигин айтты.


Анын айтымында, жакынкы аралыкта тергөө кызматы иштин материалдарын Генпрокуратурага өткөрүп берет, ал жерден Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн КРнын Судьялар кеңешине өткөрүлөт.


“Эгерде тартип комиссиясы биздин ишибиздин материалдарын эске алуу менен биздин өтүнүчүбүздү канааттандырса, анда биз Жогорку соттун төрайымын камакка алып, жоопко тартабыз”, – деди Камчыбек  Ташиев.

Теги

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Калдар
Соттордун жебегени жок , баарын тазалаш керек . Булар адам олтургонду да коп акча берсе кайра актап чыгарып жиберишет .
М
ыйзам алдында баарыбыз бирдей жоопкерчиликтүү болушубуз керек.Мыйзамды буздубу ким экенине карабай жоопкерчиликке тартыш керек.
Думанаева Эльмира Сагыновна
Жумагулов П,Батыралиев,Уметалиева деген 3 судья Жогорку сото,ушуларга да иш козголсо,себеби мен 6 майда Жогорку сотон арызымды алып кетсем,7 май куну жок арызды бар кылып Постановление чыгарып коюшуптур,июль айы мага копиясын таштап кетишиптир и мен Совет судьейге арыз менен кайрылсам ,3 судьяга шарт тузуп берип алар Постановленияны ондоп определение чыгарып и август айы мага Совет судьей КР эч нарушение кетирген жок деп ответ жонотуп коюшту.
Чынгыз Бегимкулов
Куноосу болсо, Анау Мынау Дебей Камасын тезиен, Баардык Адам АЛЛАХтын алдында Бирдей.