Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Ташиев атын атабаган ЖК депутаты мамлекетке акча төлөп берет

24.12.2020 11:54
854
Ташиев атын атабаган ЖК депутаты мамлекетке акча төлөп берет


"Биз Жогорку Кеңештин бир депутатын кармадык", -деди УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 24-декабрда маалымат жыйынында.


"Ал 8 жыл мурун чоң кылмыш жасагандыгы үчүн мамлекетке ири суммадагы акча төлөп берет. Ага мамлекетке ири сумманы кайтарып бересиң деген шарт койгонбуз. Ал буга чейин анын жарымын төлөп берген", - деди ал.


Ташиев депутаттын атын атаган жок.


Анын пикиринде, бир дагы чиновник, министр, депутат, сот анын декларациясынан “жогору” жашабашы керек. Эгерде анын декларациясында  батир болсо, анда ал ошол жерде жашашы керек. "Биз ар бир чиновникти, министрди, депутатты текшеребиз", - деп убада берди Ташиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жийде
Ичип- жегендерин баарын толотуш керек.Бизди кытайга карызга кылган ушулар.