Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун абдан тыгыз иш графиги тууралуу айтып, бардык мамлекеттик кызматкерлерди ушундай иштөөгө чакырды.
УКМК төрагасы чиновниктер майрам, дем алышка карабай иштеши керектигин белгилеген.
«Мына биз, жетекчилер, күн-түнүнө, базарына, ишембиге, майрамына карабай чапкылап иштеп жүрөбүз. Президентибиз дагы күнү-түнү тынбайт. Акыркы 3-4 күндө учакта эле уктап жатат. Малайзиядан түнкү саат 01:30да учуп келди. Үйгө барбастан кайра Минскке учуп кетти. Кээ бирлер жашоосу жыргал деп ойлоп жатат. Бардык аткаминерлер, жергиликтүү бийлик органдары, ушундай иштешиңер керек. Дем алышта бириң Көлгө, бириң тоого, бириң өргүү алып чет өлкөгө чыгып кеткениңерди көрбөйүн», — деген Ташиев.
Ошондой эле ал кимде-ким мамлекеттик кызматка мындай мамиле кылса жоопкерчиликке тартылып, андан соң кызматтан алынарын эскерткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн