Бүгүн, 15-мартта Өзбекстандын Гулистан шаарында кыргыз-өзбек чек араларын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр башталат. Бул тууралуу 24.кг агенттиги билдирди.
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон сапарында делимитация жана демаркация иштери 3 айга чейин чечүү келишимине кол коюлган. Буга байланыштуу чек ара боюнча өкмөттүн комиссиясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектейт. Ал эми өзбек тараптын комиссиясын Коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов жетектейт.
Тараптар бүгүндөн тарта сүйлөшүүлөрдү жандантат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн