Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:10
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Ташиев баштаган делегация Өзбекстандын өкүлдөрү менен чек ара маселесин кароодо

15.12.2020 12:51
2915
Ташиев баштаган делегация Өзбекстандын өкүлдөрү менен чек ара маселесин кароодо

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тарапты Өзбекстан Республикасынын премьер-министринин кеңешчиси (Премьер-министрдин рангында) Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө.

Камчыбек Ташиев Өзбекстан Республикасынын делегациясынын мүчөлөрүн амандашып жатып, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасы менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Көптөгөн кылымдар бою коңшу жашап, тыгыз достук мамилелер жана бир туугандык байланыштарды эске алуу менен, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн калган участокторду делимитациялоо процессинин тез арада аяктоого кам көрүшүбүз керек, ошондой эле 2017-жылы кол коюлган Келишимге ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштерди баштообуз керек», - деди ал.

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча маселени талкуулап жатышат.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Бахрам Абдукаримов
Бул жерди чечип бересинерби ОЗУ? же жокпу? Чон байкелер аракет барбы? дайынынар жокко я, Не чечим болтат бир дайынын айтсанар болмок.
Мамажанов Жайлообек
Кдамжай ройону Каражантак айлынан сунуш Бизди айыл да 2017 жыл чечилди деген жугургон бироо жок урматуу чондор бизди айылды да чечип бериниздер
Галибаев Рахманберди
Эн тура эртерек чечиуу керек