Бештин айы 26, 2024
Убакыт: 16:49
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Ташиев бажычылар жана Эсеп палатасынын аткаминерлери кармалганын айтты

05.12.2024 14:44
267
Ташиев бажычылар жана Эсеп палатасынын аткаминерлери кармалганын айтты


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште бажычылар жана Эсеп палатасынын аткаминерлери кармалганын айтты.


УКМК төрагасы ЖКда коррупциялык кылмыш боюнча соттолгондорго жазаны катаалданткан мыйзам долбоору боюнча эл өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатат. Сунушталып жаткан документке ылайык, жубайы, жакын тууганы оор же өзгөчө оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылгандар мамлекеттик кызматка алынбайт.


Депутат Элдар Абакиров ушул норманы карап чыгууну сунуштады. Анын айтымында, дүйнөдө чыгаан инсандардын балдары коррупционер болуп калган учурлар болгон.


Ташиев бул норма УКМКга кызматка алуу принцибинен алынганы айтты. Ал белгилегендей, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мыйзамдарды жумшартуудан мамлекетке пайда жок.


"Эки күн мурун салыкчыларды кармадык эле. Түнү менен бажычылар менен чабышып чыктык. Кечээ ошол жактан келдим. Жети-сегиз бажычы колго түштү. Кара-Суудагы Раим Матраимовдун терминалын мамлекетке алып койгонбуз. Ошол жерде бажычылардын уюшкан уюгун талкаладык. Таңга маал Эсеп палатасынын түндүк жагы боюнча башчысын эки инспектору менен кармадык. Буларды барып эле кармап алып жаткан жокпуз, видего тартып, алар боюнча иш жүрүп жатат. Анткени кылмышын далилдешибиз керек", — деди Ташиев.


Ошондой эле ал сунушталып жаткан мыйзамдын туура эмес жактары болсо кийин өзгөртүп, толуктап чыкса болорун эске салды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн