Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 02:48
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ташиев чек арачыларды кесиптик күнү менен куттуктады

28.05.2021 10:38
1018
Ташиев чек арачыларды кесиптик күнү менен куттуктады

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чек ара кызматкерлерин кесиптк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Төмөндө Ташиевдин куттуктоосу өзгөртүүсүз берилди:


Урматтуу чек ара кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Чек ара күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик чек араны кайтаруу - бул өтө жооптуу жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун жана терроризмге, баңги заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, аткезчиликке жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көрүү, укук коргоо органдарынын ишин координациялоону талап кылат

Ал эми биздин мекендештерибиздин коопсуздугу сиздердин милдетиңиздерди так аткарууга болгон абийирдүүлүгүңүздөргө көз каранды.

Акыркы окуялардагы, Чек арачылардын аскер кызматкерлери жана Чек ара кызматынын атайын бөлүгүнүн жоокерлери өлкөнүн түштүгүндөгү чек ара аймагындагы чыр-чатак учурундагы сыноодон сапаттуу өтүшү  сиздердин эрдигиңиздин бир катары айтсак болот. 

Сиздердин иш-аракеттериңиздин аркасында биздин өлкөнүн эли өз үйлөрүндө тынч уктай алышат.

Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана Кыргыз Республикасы үчүн жанын берген адамдардын элесине башыбызды ийип таазим кылабыз.

Сиздерге чың ден-соолук, ийгилик жана кызматта жетишкендиктерди каалайм!!!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы

генерал-лейтенант

К.К. Ташиев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн