УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Дубайда вилла сатып алды деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Өзгөн районунун калкы менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ал чет өлкөдөн эмес Жалал-Абаддан үй алган.
"Орозо башталгандан 3-4 күндөн кийин балдарым "үй алайлы деп жатабыз. Акчабыз жетпей жатат, жардам бериңиз деди" мен үйүңөр бар го не кыласыңар десем "Россияда бир кыргызстандык үй-бүлө үч эмдүү болуптур, бирок үйү жок экен. Биз алар менен байланышсак, үй алып берсеңер кайтып келебиз" дептир. Мен макул болуп 2 жарым миллион сомго Ынтымак айылынан үй алып бердик", - деди Ташиев.
Пикирлер (1)