Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:15
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

29.03.2021 14:59
518
Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзөт

Өкмөттүк делегациянын башчысы - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев менен биргеликте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинини жыйынтыгы боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөт.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Тактап айтканда, түшүндүрүү иш-чараларынын планына ылайык, өкмөттүк делегация башчысы жана атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын чектеш аймактарына барышып, анда калк менен жолугушуу өткөрүп, кол коюлган Протоколдун жыйынтыктарын кеңири түшүндүрүп беришет.


Планга ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 11.00дө Бирлик айыл аймагынын административдик имаратында Баткен облусунун Кадамжай районунун Бирлик айылынын жергиликтүү калкы менен «Чечме» участогу боюнча жолугушуу өтөт. 


Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында саат 17.00дө Өзгөн райондук административдик имаратында Кемпирабад суу сактагычы боюнча Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун калкы менен жолугушуу өтөт. 


Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында саат 14.00дө Ала-Бука райондук административдик имаратында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Аксы райондорунун жергиликтүү калкы менен тилкелер боюнча жолугушуу өтөт.


Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында эки республиканын өкмөттүк делегацияларынын кеңешмесинин жүрүшүндө жыйынтык Протоколго кол коюлган, ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер территорияларды алмашуу принциби боюнча макулдашуу процедурасынан өткөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн