Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 08:14
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Ташиев менен Ниязбековдун тиреши эмне менен аяктайт?

26.11.2020 14:44
1136
Ташиев менен Ниязбековдун тиреши эмне менен аяктайт?


Буга чейин ички иштер министри Улан Ниязбеков менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин тымызын тирешип жатканы буга чейин кабарланган. Эми мындай маалыматты Камчыбек Ташиевге тиешелүү маалымат каражаттары да жаза баштады. Маселен, sayasat.kg сайты “Ташиев менен ИИМ башчысы Улан Ниязбековдун тиреши башталды” деген материал жарыялаган. Анда УКМКнын жетекчиси түз жолдо баратканы, ага ИИМдин жетекчиси бут тосуп жатканы баяндалган. Ташиевди катыра мактап, Ниязбековду уюшкан кылмыштуу топту колдогон адам катары көрсөткөн.


Элдин мүдөөсүнө багытталган күрөштө ИИМ да Ташиевдин иш-аракетине колдоо көрсөтүшү керек эле. Бирок, бүгүнкү күндө ИИМ башчысы Улан Ниязбеков таптакыр тескери жолго түшүп алды. Ачыгын айтканда, У.Ниязбеков Ташиев кууп, камап жаткан уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларын коргоого алып, элдик ишке каршы чыгууда. Ал ачык эле Ташиевге бут тосууда. Ошондуктан, Ташиев менен Ниязбековдун ортосунда айыгышкан тиреш башталды. Эми акыйкаттык ким тарапта, түшүнүп турасыздар да. ОПГны колдогон Улан Ниязбековдун бир секундда да ИИМ министри болуп олтурганга акысы жок!”, - деп жазылат аталган материалда.


Күч тармагын жетектеп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеймин деген жетекчилердин минтип бири-бирин каралатып жатканы кандай? Эгер чындап эле кайсы бир кылмышкерлерди коргоп жатса аны факты менен элге жарыялабайбы? Тымызын тирешпей!

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн