Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 09:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 44-протоколдун кабыл алынышына түшүндүрмө беришти

03.10.2023 14:05
266
Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасы боюнча 44-протоколдун кабыл алынышына түшүндүрмө беришти


Кыргызстан менен Тажикстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кезектеги жыйындын өтүшү жана чек ара боюнча 44-протоколдун кабыл алынышы боюнча комментарий беришти.


2-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча делегациялардын жолугушуусу өттү. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.


Делегациялардын башчылары протоколдун маанисине токтолушту.


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кол коюлган протоколго эки тарап макулдашканын белгиледи.


«Протокол бизге бардык чек ара маселелерин чечүүгө негиз берет. Кудай буюрса, жакында мамлекеттик чек араны толугу менен тактоо боюнча акыркы чечимди кабыл алабыз. Чечимдерди даярдоого катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирем. Мындан тышкары, биздин комиссиялар тынымсыз иштеп, жакын арада акыркы чечимдерди кабыл алат деп чечтик. Кудай буюрса, бүгүнкү кабыл алынган чечимдер чек ара тынч, туруктуу болуп, элдерибиз түбөлүктүү достукта, ынтымакта жашай турганына негиз берди», - деди ал.


Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жолугушууда кол коюлган №44 протокол кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка мурда өбөлгө болуп келген бардык маселелер жана көйгөйлөр чечилерин билдирди.


Ятимов кошумчалагандай, протоколго кол коюу эки мамлекеттин башчыларынын эрки.


«Биз бул протоколго кол коюу менен аны максаттуу жана конструктивдүү түрдө кадам сайын ишке ашырабыз деп ишенебиз. Эң кыска мөөнөттө биз фундаменталдык документтерге келебиз. Бул протокол биздин талыкпаган эмгегибиздин, эки тараптуу мамилелерибиздин жана элдерибиздин жерибизде тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү камсыздоого болгон эркибиздин натыйжасы экендигине сыймыктанабыз», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн