Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Ташиев менен Өзбекстандын атайын кызматынын башчысынын жолугушуусунан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынды (фото)

17.05.2022 21:51
428
Ташиев менен Өзбекстандын атайын кызматынын башчысынын жолугушуусунан кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынды (фото)


Бүгүн, 2022-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев менен Өзбек Республикасынын Мамлекеттик Коопсуздук Кызматынын төрагасы генерал-лейтенант Абдусалом Азизов жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Эки өлкөнүн атайын кызматынын төрагалары биргеликте Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы чек ара тилкесиндеги макулдашыла элек Гавасай участкасын тик учак менен кыдырышты.


Тараптар тийиштүү маселелер боюнча өз ара пикир алмашты. Жолугушуу жылуу достук маанайда өттү жана тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн