Кулжа 26, 2024
Убакыт: 23:23
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баары мамлекетке кайтарыларын эскертти

18.06.2024 13:51
119
Ташиев мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баары мамлекетке кайтарыларын эскертти


Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин бары мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы каралбай калган 15 жектадан ашуун жерди мамлекетке кайтарып, социалдык мекемелерди куруу боюнча жеринде жыйын өткөрүү учурунда билдирди.

Ал 5-10 адам миллиондогон элдин байлыгын басып, азыр байып жатышканын айтып, байларды тартипке саларын эскертти.

"Мамлекеттик бир метр жерин шылуундарга карматпашыбыз керек. Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин барын кайра мамлекетке алып, тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. 5-10 адам миллиондогон адамдардын байлагын басып алышкан, алардын барын кайтарышыбыз керек. Мисалы, Жалал-Абадда үч чоң базаны мамлекеттин менчигине алдык. Кайтарылган жерлерге мектеп, ипотекалык үйлөрдү курууну пландап жатабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери байып жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек", - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн