Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:26
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон көп балалуу эне менен жолукту

27.09.2023 13:27
179
Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон көп балалуу эне менен жолукту


Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Кубанычбек кызы Кымбат 27 жашта. Анын айтуусуна караганда, жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чоңойгон. Бала кезинде апасы экөө Бишкекте жана Казакстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөгө асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар, кыздар менен чогуу тарбияланган.

2011-2023-жылдары Казакстанда ар түрдүү жумуштарда иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Алар учурда 2, 4 жана 5 жашта.

Жолдошу кургак учук оорусунун жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнунда Кыргызстанга кайтып келишкен, августтун башында жолдошу каза болгон. Учурда Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө.

Өз кезегинде УКМКнын төрагасы маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылды, ошондой эле материалдык жардам көрсөттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн