Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 21:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Ташиев транспорт министрине камалып кетерин эскертти

25.09.2025 16:16
161
Ташиев транспорт министрине камалып кетерин эскертти


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Транспорт жана коммуникациялар министрлигине карата коррупциялык мүнөздөгү арыздар түшүп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал күн мурун өткөн жыйында айтты.


Анын айтымында, жасалып жаткан жумуштардан, подрядчылардан Транспорт министрлигинин жетекчилигине акча бергенбиз деген арыздар түшүп жаткан.


“Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Абсаттар Сыргабаев сен боюнча да маалымат бар, айтып коеюн. Мен түз эле айтам, кечээки жасалып жаткан жумуштардан, подрядчылардан биз Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилигине акча бергенбиз деген арыздар түшүп жатат. Бул тастыкталбай эле калсын, эгер тастыкталса түрмөгө отургузам уктуңбу. Мени аяп коет экен деп ойлобо, мен эч кимди аябайм, мага азыр баары бир”,- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн