Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:36
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Ташиев жарым жылда коррупцияны кескин азайтып, казынага миллиарддарды толтурабы?

19.01.2021 11:35
766
Ташиев жарым жылда коррупцияны кескин азайтып, казынага миллиарддарды толтурабы?


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башына Камчыбек Ташиев келгенден бери карай коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү реалдуулукка айланды. Мурдагыдай майда-чүйдө паракорлор эмес, мамлекеттик кызматты узак жылдардан бери карай жеке финансылык кызыкчылыктары үчүн пайдаланып келген «лөктөр» кылтакка илине баштады. Жөн гана эл көзүнө «иштеп жатат» деген түр жаратуу үчүн эмес, реалдуу иш жүргүзүп жатканын коомчулук көрүп турат. 


К. Ташиевдин бул кызматка дайындалганына али үч ай тололек. Бирок, ошол кыска убакыт ичинде эле көзгө толо турган көптөгөн коррупциялык иштерди ача алды. Адегенде эле элдин эң негизги көңүл борборунда турган Райым Матраимовдон мамлекеттин эсебине 2 миллиард сом өндүрдү. Анын иши ушуну менен эле бүтпөгөнүн, иликтөө иштери дагы-да жүрүп жатканын К. Ташиев өзү маалымат жыйынында билдирген. 


Мындан тышкары сот системасындагы коррупцияга каршы чечкиндүү күрөшүн баштады. Буга чейин Жогорку соттун судьяларынын биринин борбор калаадагы алдыңкы курулуш компанияларынын курган үйлөрүнөн бир нече батирлерди, Ысык-Көлдөгү пансионаттардан коттедждерди, соода борборлорунан коммерциялык обьекттерди алып койгону белгилүү болгон. Ал судьянын жана анын жакын туугандарынын Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, АКШ жана Азиядагы курорттук зоналарга тынымсыз каттап турушканы айтылган. Андан мурдараак бир судьянын борбор калаада эле 20дан ашуун квартиралары бар экени белгилүү болгон. 


К. Ташиев өзү: «Соттордун кийген шубалары 5000 доллар, өтүгү 1000 доллар, минген машинасы 100 миң доллар турат. Биз мамлекеттик чиновниктердин ар биринин декларациясын текшеребиз. Декларациясында эмнелер жазылса, ошону менен жашайт. Тапкан мыйзамдуу кирешесине жараша жашайт», - деген. 


Чындыгында эле өлкөбүздөгү соттордун дээрлик басымдуу бөлүгү бай турмушта жашаары белгилүү. Алардын жашаган үйлөрү, айдаган машиналарын көрүп, соттордун айлыгына ошончо баадагы мүлктөр кантип сатылып алынып жатканына мээ жетпейт. 


Октябрь тополоңунан кийин жаңы келген бийликти жандап жүргөн Мелис Аспеков да УКМК кызматкерлери тарабынан 250 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалды. Ушунун өзү «Коррупцияга каршы күрөштө эч кимди аео жок» деген принцип иштеп жатканын көрсөтүп турат. 


Жакында эле атайын кызмат Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, финансылык полициянын майорун кармады. Маалыматка караганда, ал 2014-жылдан бери финансы полициясынын жетекчи кызматтарында иштеп жүрүп, Бишкек жана Ош шаарларынан 15тен ашуун кыймылсыз мүлк сатып алып койгон. Ал мүлктөрдү жакын адамдарына каттаткан. Мындан сырткары ал ресторандардын, 13 кабаттуу көп батирлүү турак-жайдын, май куюучу станциялардын, дүкөндөрдүн курулушуна көп акча жумшаган. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча анын кымылсыз мүлктөрүнүн баасы 4 миллион долларды чапчыйт. Ошондо ал алты жыл финансы полициясында жетекчи кызматтарда жүрүп, 4 миллион долларлык коррупциялык иш жасаган болуп жатабы? 


Эгерде УКМК ушул темпинен жазбаса, анда жарым жыл ичинде өлкөдөгү коррупция кадимкидей ооздукталып каларына ишенсе болот. Азыр деле мамлекеттик чиновниктердин көбү ичтеринен «кыпылдама» айтып отурушса керек. Улам жаңы ачылган коррупциялык иштер кийинкилерге сабак болот. Мамлекеттик кызматта отуруп, мыйзамсыз баюунун арты түрмө болорун түшүнөт. Мындай түшүнүк пайда болгондо коррупция өзү эле ооздукталат.


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн